Финляндиянын премьер-министри Санна Марин сегиз сааттык жумуш күнүн алты саат кылып кыскартууну көздөйт. Бул анын алдыга койгон негизги максаттарынын бири экенин «Helsinki Times» басылмасы жазды.
Өкмөт башчы жумуш убактысын кыскартуу тууралуу пикирин Социал-демократиялык партиянын жыйынында сүйлөгөндө айткан.
24-августта сүйлөгөн сөзүндө Санна Марин жумуш күнүн кыскартуу жаатында партия анык план иштеп чыгышы керек экенин белгиледи.
34 жаштагы премьер-министр бул кадам иштин натыйжалуулугуна оң таасир этерине ишенет. Ошондой эле ал иш убактысынын кыскарышы маянага таасир этпеши керек экенин кошумчалады.