Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасы, жол кыймылы, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын иши жана жайыттарда мал багуу үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал.
27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте 27-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 19…21 градус болот.