Беларустун баш калаасы Минск шаарындагы Эркиндик аянтына нааразылык акциясына чыккандарды милиция күчтөп таратты. Атайын бөлүктүн кызматкерлери 100гө жакын адамды Ыйык Симеон жана Ыйык Елена храмынан чыгарбай, 40 мүнөттөй кармап турушканын жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.
Социалдык тармак колдонуучулары Интернет кыска мөөнөткө өчкөнүн да жазышты. Мобилдик Интернеттин ылдамдыгы начарлаганын А1 провайдери тастыктап, буга бийликтин буйругу себеп болгонун билдирди.
9-августтагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко жеңип чыкканы расмий жарыяланган соң оппозициянын жана жарандардын нааразылык акциялары башталган. Андан бери бийлик бир канча демонстрантты камап, адам өмүрү кыйылган учурлар да болду.