Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргызстанда COVID-19 жуккан 5500дөн ашуун бейтап дарыланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган 5534 киши дарыланып жатат. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 27-августтагы маалыматына караганда, алардын 854ү стационарда. 4680и амбулатордук түрдө дарыланууда.

27-августка карата Баткен жана Жалал-Абад облусунда эки медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлердин саны 3116га жетти, анын 2409у айыкты. Вирус 80ден ашык кызматкердин өмүрүн алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Мекеме 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирустан жалпы 1498 киши каза тапканы айтылып жаткан.

Өлкөдө вирусту 43459 киши жугузуп алып, анын 37492си айыкканы расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG