Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Атайын экспертиза: Шайлообек Атазовдун билдирүүсүндө массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 26-августта Ош шаардык милициясына төрт сааттай сурак берип чыккан. Укук коргоо кызматы аны менен «профилактикалык сүйлөшүү» жүргүзүп, «Фейсбукка» жазган билдирүүсүн атайын экпертизага берген.

27-августта экспертиза Атазовдун билдирүүсүндө «массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар» деген жыйынтык чыгарды. Бул туурасында «Азаттык» радиосуна Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

«Анын паспорт чогултуу боюнча айтканынын негизинде да тергөө иштери башталды. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 320-беренесинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» негизинде тергөө иштери башталды».

Шайлообек Атазов «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик күч колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгонун айткан.

Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, EREM спорт клубунун машыктыруучусу катары таанымал. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда шаардык кеңеште депутат, бир нече муницпиалдык мекемелерде жетекчи болуп эмгектенген. (DU)

XS
SM
MD
LG