Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Индияда бир күндө 38 миңден ашуун адамдан коронавирус табылды


Индиянын Калькутта шаары. 6-август, 2020-жыл.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 26-августта өлкө боюнча 38 миңден ашуун адамдан өпкөнү сезгенткен коронавирус табылганын билдирди. Бул шаршемби күнү дүйнө өлкөлөрүндө катталган эң чоң көрсөткүч.

Акыркы бир сутка ичинде Индияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар дагы 1023 кишиге көбөйүп, алардын жалпы саны 60 миңден ашты.

Индия вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Өлкөдө коронавирустун тастыкталган учурлары үч миллион 310 миңден ашты.

Дүйнөдө былтыр декабрь айында Кытайдан башталган вирусту жугузуп алгандардын расмий саны 24 миллион 182 миңден ашты. COVID-19 илдети баш-аягы 826 миңден адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG