Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:39

Чек арадагы чырды чагылдырган сохтук блогер 10 күнгө камалды


Видеоблогер Дадахон Хайдаров.
Видеоблогер Дадахон Хайдаров.

Кыргыз-өзбек чек арасында 31-майда болгон чатакты чагылдырган, Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунан чыккан видеоблогер Дадахон Хайдаров 10 суткага камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлады. «YouTube» порталында 800 миңден ашык катталуучусу бар блогердин атасы Шерали Хайдаров уулунун абалы жана ага коюлуп жаткан айыптар боюнча маалыматы жок экенин айтты.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сох анклавынын алты тургунуна «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып коюлганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

Жергиликтүү тургундар үч күндүн ичинде райондогу бир нече айылдан жалпысынан 12 кишини кармап кетишкенин «Азаттыктын» өзбек кызматына айтышкан. 26-августта кармалгандардын саны 41 кишиге жеткени кабарланган. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө ырастала элек.

Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен.

Жаңжалдан кийин аймакка барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевге кыйкырып, ага таш ыртышкан. 1-июнда районго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барган. Анын алдында сүйлөгөн блогер Дадахон Хайдаров аймакта чечилбей келген бир катар көйгөйлөрдү айтып, Фергана облусунун башчысын алмаштырууну өтүнгөн. Жергиликтүү тургундар блогердин бул сунушун кол чаап кубатташкан. Өз кезегинде Абдулла Арипов блогер айткан маселелерди жакын арада чечүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG