Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Берлинде Беларуска санкция салуу маселеси талкууланат


Минскидеги шаршембинин кечиндеги акция. 26-август, 2020-жыл.
Минскидеги шаршембинин кечиндеги акция. 26-август, 2020-жыл.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Берлинде эки күндүк расмий эмес сүйлөшүүлөргө чогулууда. Анда Беларустагы талаштуу президенттик шайлоо жана тынч демонстрацияларды күч менен басуу аракетине байланыштуу Минскиге санкция салуу маселесине көңүл бурулганы жатат.

Буга чейин Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана митингчилерди куугунтуктоого аралашкан 15-20 беларус жаранына санкция салары кабарланган. DPA жаңылыктар агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, 27-28-августта Берлиндеги жыйында «кара тизмеге» киргизиле турган адамдардын тизмеси талкууланат.

Беларуста шаршембинин кечинде 18 күн катары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрациялар өттү. Анда кеминде 20 киши кармалганы белгилүү болду.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоону Александр Лукашенко 80% добуш менен жеңгенин билдирген. Бирок расмий эсеп боюнча 10% жакын добуш топтогон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская да, түмөндөгөн демонстранттар да мындай жыйынтыкты тааныбай келишет. Литвага чыгып кеткен Тихановская шайлоону өзү жеңгенин, 60-70% добуш топтогонун айтып, элди өз добушун коргоо чакырган.

XS
SM
MD
LG