Кыргызстанда орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшыргандар 2011-2012-жылдарга караганда 46% көбөйдү. Билим берүү жана илим министрлиги 27-августта билдиргендей, айрыкча коллеждерге тапшыргандар көп.
Өлкөдөгү кесиптик билим берген мекемелерге жыл сайын 25-30 миң студент кабыл алынат. Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоо бүтүрүүчүлөрдүн 40-70% ишке орношо турганын көрсөттү.
Кесиптик окуу жайларды аяктагандар негизинен тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары, инженердик техника, курулуш тармактарында көп жумушка орношот.
Бүтүрүүчүлөрдүн 30% ашыгы окуусун улантыш үчүн жогорку окуу жайларына тапшырып жатышат.
Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылдан тартып кесиптик берүү системасын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыккан.
Ушу тушта Кыргызстанда 100дөй кесиптик лицей бар, алар 85 адистик боюнча билим берет. (NT)