Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Түркияда кыргыз тили жана маданияты тууралуу онлайн конференция өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-августта «Түрк тил коому» уюштурган «Кыргыз тили жана маданияты» аттуу илимий конференция өттү. Ага Түркиядагы айрым университеттерде иштеген түрк илимпоздор менен катар Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандан профессор Кадыралы Коңкобаев жана профессор Сулайман Кайыпов катышты.

Онлайн конференция Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата уюштурулуп, илимпоздор кыргыз тилинин тарыхын, кыргыз маданиятын жана эки өлкөнүн ортосундагы байланышты талкуулашты.

«Түрк тил коому» түрк тилинде жазылган оозеки булактар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)

XS
SM
MD
LG