Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Сот «Кыргызстан» партиясынын арызын канааттандырды


«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.
«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды.

27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карап, ушундай чечим чыгарды.

Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок.

Отурумдан соң кабарчылардын суроолоруна партиянын өкүлү Талант Мамытов жооп берип: «БШКнын чечими жараксыз деп табылды. Биз эми шайлоого катышабыз»,- деди.

Партиянын өкүлү Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана партияны шайлоо жарышы үчүн каттоого милдеттендирүүнү суранды. Судья экинчи талапты кароого укугу жок экенин билдирип, ал маселе каралган жок.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.

Сот имаратынын сыртында турган жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү чечимге нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрөөрүн айтышты.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG