Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Эгемендик майрамына арналган иш-чара онлайн өтөт


2018-жылы уюштурулган Эгемендик майрамында тартылган сүрөт. Бишкек шаары.

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 31-августта Эгемендик майрамына карата иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушунда чечим кабыл алынганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Кыргызстан мурунку СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, 31-август Эгемендик майрамы деп жарыяланган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG