Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Абдулла оогандардын ички диалогу кийинки аптада башталарын айтты


Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн башын кошкон сүйлөшүүлөр кийинки аптада башталат. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла 27-августта билдирди. Ал өкмөт оогандардын өз ара ички диалогуна толугу менен даяр экенин айтты.

Абдулланын мындай билдирүүсү боюнча талибдер азырынча үн ката элек. 26-августта «Талибан» кыймылы оогандардын өз ара диалогуна жана АКШ менен сүйлөшүүлөргө жооптуу боло турган 20 кишилик атайын топ түзгөнүн маалымдаган.

АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү февраль айынын соңунда кол койгон тынчтык келишимине ылайык, талибдер менен ооган өкмөтү туткундарды алмашкан соң оогандардын ички диалогу башталышы керек эле.

Ноябрда кайра шайланууну көздөгөн АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак согушка чекит коюну, америкалык жоокерлерди үйгө кайтарууну каалай турганын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG