Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

«Лаура» бороонунан улам АКШда 500 миң адам көчүрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Лаура» шамалы жакындап келаткандыктан, АКШнын Техас жана Луизиана штаттарынын губернаторлору жээкке жакын жерде жашаган 500 миң адамды коопсуз аймакка көчүрүүгө буйрук беришти.

27-августта бул аймактарга жакындап калган күчтүү шамал төртүнчү даражадагы бороон деп сыпатталууда. Анын айынан көптөгөн шаар-кыштактарды суу капташы ыктымал.

АКШнын Бороондорду изилдөө боюнча улуттук борбору «Лауранын» ылдамдыгы саатына 240 чакырымга жетип жатканын билдирди.

Адистер шамалдан улам суу алты метрге чейин көтөрүлөрүн божомолдошууда. Бул кырдаал Порт-Артур, Лейк-Чарльз сыяктуу ири шаарлар үчүн кооптуу.

XS
SM
MD
LG