Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Өзбек аткаминери «кыска байпакты кумсалар киет» деп билдирди


Өзбек аткаминери жигиттерге кончтуу байпак кийүүнү сунуш кылууда.
Өзбек аткаминери жигиттерге кончтуу байпак кийүүнү сунуш кылууда.

Өзбекстандын Руханий жана агартуу мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Мансур Мусаев жигиттерди кыска байпак кийбөөгө чакырып, аны «кумсалардын кийинүү стили» деп сындады. Ошондой эле чачынын капталын кырып жүрүүнү «кумсалардын жоругу» деп сыпаттады.

Ал мындай пикирин мамлекеттин башкы «Узбекистон» телеканалындагы «Муносабат» деп аталган ток-шоуда айтты. Анын пикиринде, кумсалар бири-бирин кыска байпак жана чач жасалгасы аркылуу таанып алышат.

Мусаевдин бул билдирүүсү «Твиттердин» өзбек сегментинде талкууга түштү. Интернет колдонуучулар аткаминердин сөзүн шакаба кылып, кыска байпактарынын сүрөттөрүн жарыялай башташты. Ошол эле учурда Мусаевдин сөздөрүн колдогондор да бар.

XS
SM
MD
LG