Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Кыргызстанда COVID-19 жуккан медкызматкерлер 3100дөн ашты


Бишкектеги ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 28-августка карата маалыматы боюнча бир сутка ичинде өлкөдө дагы жети медицина кызматкеринен коронавирус табылды.

Алардын бирөө Бишкекте, дагы бири Чүй облусунда, экөө Баткен облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда катталды. Бир күн аралыгында төрт кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Үй карантининде отурган 11 медицина кызматкери айыкканы айтылды.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери COVID-19 вирусунан кайтыш болгон медкызматкерлер 80ден ашты. Ушул мезгилге карата алынган расмий маалыматка таянсак, илдетти жугузуп алган медиктер 3123ге жетти. Анын 2424ү айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG