Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус илдети менен пневмониянын эл арасында жайылышы токтой элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдирип, катталып жаткан учурлар коронавирус менен пневмониянын жайылышын көрсөтүп жатканын айтты. Ал жарандарга кайрылып, беткап тагынууга, аралыкты сактоого, колду жууп турууга, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
«Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотуп, өзүбүздү бош коё бергенге эрте», - деди Нурболот Үсөнбаев.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда азыр коронавирус жугузуп алган 5000ден ашуун бейтап дарыланып жатат.
Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишини түздү.
Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан. Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандар 43587ге жетти. Анын 37726сы айыкты.
Коомчулукта үйдөн дарылангандар жана каза болгондордун бир тобу расмий статистикага кирбей калган болушу ыктымал дегендер көп.
Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирустун статистикасына кошуп эсептей баштаган. (NT)