Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жапон премьери оорудан улам кызматтан кетмей болду


Жапон премьер-министри Синзо Абэ Токиодогу басма сөз жыйынында. 28-август, 2020-жыл.
Жапон премьер-министри Синзо Абэ Токиодогу басма сөз жыйынында. 28-август, 2020-жыл.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ ден соолугу начарлаганына байланыштуу кызматтан кетерин билдирди. Ал мындай чечимин 28-августта жарыялап, кызматтык милдеттерин аткара албай калганы үчүн жапон элинен кечирим сурады.

Абэ июль айынын ортосунан баштап өзүн өтө чарчаңкы сезе баштаганын, август айында анын мурдагы ичеги оорусу кайра пайда болгону ырасталганын айтты.

«Илдет менен күрөшүп, дарыланышым керек болду. Саламаттыгым жакшы болбой турду. Бирок маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууга туура келип жатты. Мен олуттуу саясий чечимдерди чыгарууда ката кетирбешим керек. Премьер-министр катары ишимди улантпай эле коюуну чечтим», - деди Абэ.

Ал өзүнүн ордун ким басарын бийликтеги Либерал-демократиялык партия чечиши керек экенин айтты. Бирок жаңы премьер-министр коронавируска каршы күрөштү улантышы керек экенин белгиледи.

65 жаштагы Абэ Жапониянын тарыхында премьер-министрлик кызматты эң узак аркалаган мамлекеттик ишмер болуп калды. Ал 2007-жылы да өкмөттүн башына келип, бир жыл өтпөй ичеги-карын оорусуна байланыштуу премьерлик кызматтан кеткен. 2012-жылкы шайлоодо кайра жеңишке жетишкенде илдети көзөмөлдө экенин айткан. Синзо Абэнин азыркы премьерлик мөөнөтү 2021-жылдын сентябрында аяктамак.

XS
SM
MD
LG