Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

Беларуста бейшемби күнү кармалган журналисттерге айып коюлууда


Минскиде кармалган демонстрант. 27-август, 2020-жыл.
Минскиде кармалган демонстрант. 27-август, 2020-жыл.

Беларуста бейшембинин кечиндеги демонстрацияларды чагылдырып жүрүп кармалган журналисттерге айып коюлууда. Алардын арасында «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун «Настоящее время» телеканалында оператор болуп иштеген Андрей Ярошевич да бар. Ага «бийлик уруксат бербеген демонстрацияларга катышкан» деген айып коюлуп жатканы бүгүн, 28-августта Минскиде өтүп жаткан сот процессинде белгилүү болду.

«Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, 27-августта Минск шаарында жалпысынан 35 журналист кармалган. Алардын арасында «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун баш-аягы алты журналисти бар. Бейшемби күнү Минскинин Эгемендик аянтында 260тай демонстрант да камакка алынды.

Беларуста президент Александр Лукашенкого жеңиш ыйгарылган шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар 20 күндөн бери токтобой жатат. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Берлинде экинчи күн катары менен Беларуска санкция салуу маселесин талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG