Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Евробиримдиктин министрлери Минскиге санкция салууга макул болушту


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери, Берлин. 28-август, 2020-жыл.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери, Берлин. 28-август, 2020-жыл.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларустагы жогорку даражалуу 20 жетекчиге санкция салууга макул болду. Мындай чечим дипломаттардын 28-августта Берлинде өткөн жыйынында кабыл алынды.

«Биз шайлоону бурмалоого аралашкан адамдар жана тынч демонстранттарга күч колдонгондор тизмеге киргизилет деп чечтик», - деп билдирди Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петричек.

Санкциялык тизмеге кийинчерээк президент Александр Лукашенко да кошулушу мүмкүн экени кабарланды.

Буга чейин Литва өз алдынча 30дан ашуун беларус аткаминерин аймагына киргизүүгө тыюу салган. Латвия да аймагына киргизилбей турган беларустардын тизмесин түзөрүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс билдирген.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар 9-августтан бери токтобой жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону Александр Лукашенко 80% добуш менен жеңгенин билдирген. Бирок расмий эсеп боюнча 10% жакын добуш топтогон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская да, түмөндөгөн демонстранттар да мындай жыйынтыкты тааныбай келатышат.

XS
SM
MD
LG