Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандар катталган жок


Кыргызстандагы лаборатория. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы лаборатория. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

29-августка карата Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Ал эми акыркы суткада коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 125 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

  • Бишкек - 30
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 8
  • Ош облусу - 12
  • Талас облусу - 6
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу – 31
  • Баткен облусу - 22.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өлкөдө 43 712 адамга жетти.

Ал эми акыркы сутка ичинде оорудан 247 адам айыкты. Сакайып ооруканадан чыккандардын ичинен бешөө медицина кызматкери. Дагы 11 медицина кызматкери үй карантинден чыгышты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3126 учур катталды, алардын ичинен 2440 медкызматкер айыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG