Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Баткенде 5 миң адам катышкан ишембилик болду


Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн ишембилик. Бишкек шаары. 21-сентябрь, 2010-жыл.
Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн ишембилик. Бишкек шаары. 21-сентябрь, 2010-жыл.

Кыргызстандын Эгемендик майрамын утурлай бүгүн, 29-августта Баткен шаарында 5 миң адам катышкан ишембилик болуп өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ишембиликке облустагы мекеме, уюмдардын беш миңден ашуун кызматкери катышты.

Ишембиликте көчө, парк, базарлар тазаланды. Мындан тышкары мекеме-уюмдардын айланасы иреттелип, көчө боюндагы дарактар акталды.

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. (JsA)

XS
SM
MD
LG