Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөштө каза болгон дарыгерлерге сыйлыктар ыйгарылды


COVID-19 илдетине чалдыккан адамды карап жаткан дарыгер. Өзбекстан. Июль, 2020-жыл.
COVID-19 илдетине чалдыккан адамды карап жаткан дарыгер. Өзбекстан. Июль, 2020-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен COVID-19 вирусуна каршы күрөштө оору жуктуруп, көз жумган төрт дарыгер "Жасорат" ("Эрдик") медалы менен сыйланды. Алардын ичинде дарыгер, медайым, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мүчөсү, анестезиолог-реаниматолог бар.

Президенттин жарлыгы менен коронавируска каршы күрөшкөн, оорунун жайылуусуна жол бербөөгө салым кошкон саламаттык сактоо, илим-билим, маданият жана башка тармактардын өкүлдөрүнө да түрдүү сыйлыктар ыйгарылды.

Өзбекстанда пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 21 миңден ашты. Оорудан 307 адам көз жумду. 38 миңден ашуун киши илдеттен сакайды.

Өзбекстандын калкынын саны 33,5 миллион.

XS
SM
MD
LG