Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Берлинде карантиндик чектөөлөргө каршы акцияга 30 миңден ашуун адам катышты


Карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык маршы. Берлин. 29-август, 2020-жыл.
Карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык маршы. Берлин. 29-август, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциясына отуз миңден ашуун адам катышты. Митингчилер полициянын каршылыгына карабай, шаардын борборун аралап, жүрүш жасашты. Бул тууралуу BBC маалымдады.

Башында полиция митингге уруксат бербөөгө аракет кылган. Бирок Берлин соту 28-августта тыюуну алып салган. 29-августтагы акциянын башында беткапсыз жүргөндөрдүн көптүгүнөн жана аралык сакталбаганынан улам полиция жүрүшкө тыюу салган. Ага карабай демонстранттар борбордук көчөлөрдө жүрүш жасашты.

Тартип коргоо органдары акцияга кеминде 38 миң адам катышканын маалымдашты.

Айрым жерлерде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу катталды. Орусиянын элчилиги жайгашкан Унтер-ден-Линден көчөсүндө акциянын ондогон катышуучусу кармалганы кабарланды. Расмий маалыматтарга караганда элчиликтин имараты жабыркаган жок.

Ишембиде кечинде полиция акциянын 200дөн ашуун катышуучусу кармалганын, кагылыштарда кеминде жети полициячы жабыркаганын маалымдады. Айрым демонстранттар Рейхстагга кирүүгө аракет кылып, бирок полиция аларды өткөргөн жок. Рейхстагда Германиянын парламенти - Бундестаг жайгашкан.

DWнын кабарчылары катышуучулардын арасынан Орусиянын желегин, АКШнын президентине жазылган кайрылууларды, Донбасстагы жикчилдердин энбелгилерин, ЛГБТ желектерин кармаган демонстранттарды байкашкан. Ошондой эле 1871–1918-жылдардагы Германия империясынын желегин кармаган адамдар жүрүшкөнүн, кээ бирөөлөр "Путин" деп, "вирус бийликтин ойлоп тапканы" деп кыйкыргандар да болгону кабарланды.

Буга чейинки тынч митинг Берлинде 1-августта болгон. Ага 15 миң чамалуу адам катышкан.

27-август күнү немис канцлери Ангела Меркел өлкөнүн бардык аймактарында беткап кийбегендерге 50 евро айып салынарын жарыялаган. Массалык иш-чараларга жыл аягына чейин тыюу салынган.

Роберт Кох университетинин маалыматы боюнча, 28-августка карата Германияда жалпы 239 миң адам коронавируска чалдыккан. 9 228 адам илдеттен көз жумду. 213 200 адам оорудан сакайып чыкты.

Карантиндик чектөөлөргө каршы жүрүштөр ишембиде Парижде жана Лондондо да өттү.

XS
SM
MD
LG