Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 25 миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 30-августка карата жалпы дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 25 миллион адамдан ашты. Буга Индияда акыркы суткада оору жуктургандардын саны рекоррдук чектен ашып, 78 761 адам жаңы катталганы негиз берди. Индия оору жуктургандарын саны жагынан үчүнчү орунда турат. Биринчи орунда АКШ, андан кийин Бразилия.

Америкада коронавируска чалдыккан адамдардын саны 6 миллион 139 миңден ашты. 3,4 миллион адам оорудан айыкты. 186 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду.

Бразилияда 3,8 млн. адам коронавируска кабылган. 3 миллиондон ашык адам сакайып чыкты. 120 498 адам илдеттен көз жумду.

Индияда 3,5 миллион адам вирус жуктурган. 2,7 млн. адам айыгып, 63 миңден ашуун адам вирустан көз жумган.

Университеттин маалыматы боюнча дүйнөдө пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыгып, каза болгондордун жалпы саны 846 миң адамдан ашты.

XS
SM
MD
LG