Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Минскидеги аянтка автозактар жана суу бүрккүч техника алынып келди


Аялдардын тилектештик маршы. Минск ш. Беларус. 29-август, 2020-жыл.
Аялдардын тилектештик маршы. Минск ш. Беларус. 29-август, 2020-жыл.

Минск шаарынын чок ортосундагы Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника алынып келди. Аянтта бүгүн, 30-августта "Тынчтык жана эгемендик жүрүшү" болору кабарланган.

Эгемендик аянтында 9-августтан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары токтобой уланууда.

Шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен утуп чыкканы расмий кабарланган. Оппозиция буга каршы чыккан.

Өлкөнүн бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялары башталган. Полиция менен кагылыштарда жүздөгөн адамдар жабыркап, үч киши набыт болгону расмий кабарланган.

Кармалып, камакка алынгандар уруп-сабоого туш болушканын бошотулгандан кийин маалымдашкан.

АКШ, Британия, Швейцария жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн Минскидеги өкүлчүлүктөрү 29-августта бийликтин демонстранттарга күч колдонуусун сындап, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Билдирүүлөрдө кризистик кырдаалдан чыгуу тынч сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилүүсү тийиштиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG