Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Баткен облусунда 22 мектепте электрондук китепкана ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен облустагы 22 орто мектепте "Илимбокс" санариптик китепканасы орнотулду.

Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды Интернет байланышы жок эле колдонууга мүмкүн. Окуучулар англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрө алышат. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган. Ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептер, аудио жана видео лекциялар, жалпы республикалык тест китепкананын санариптик энциклопедиясына киргизилген. Энциклопедияда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 500дөн ашык китеп, педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөмчүлүк боюнча 300дөн ашык китеп камтылган.

Окуучулар менен мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу байланыша алат.

30-августта Баткенде "Илимбокс" санариптик китепкананын бет ачары болду. Иш-чарага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери, мугалимдер катышты.

Аталган долбоорду Евробиримдик каржылаган.(JsA)

XS
SM
MD
LG