Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Иранда кызын өлтүргөн киши тогуз жылга эркинен ажыратылды


Сүйгөнүнө баш кошууну каалаганы үчүн өлтүрүлгөн Ромина. Иран. Май, 2020-жыл.
Сүйгөнүнө баш кошууну каалаганы үчүн өлтүрүлгөн Ромина. Иран. Май, 2020-жыл.

Өзү каалаган адамга турмушка чыккысы келген кызын өлтүрүп салган кишини Ирандагы Гилян провинциясынын соту "Намыс үчүн киши өлтүрүү" беренеси менен соттоп, тогуз жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу ILNA агенттиги маалымдап, кыздын энеси сот чечимине макул эместигин кабарлады. Маалымат агенттиги кыздын энеси Рана Даштинин: «Соттор бул ишке өзгөчө маани берилерин айтышкан эле. Бирок чечим мени жана үй-бүлөмдү коркунучтуу абалга кептеди. Мен эми башка балдарым үчүн корко баштадым", - деп айтканын жазды.

21-майда болгон бул окуя Иранда элдин нааразылыгын жараткан. Президент Хасан Роухани кыздын өлүмүнө өкүнөрүн билдирип, зомбулукка каршы мыйзамдарды эртерээк кабыл алууга чакырган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 14 жаштагы Ромина өзү каалаган адамга турмушка чыгууга атасы уруксат бербей койгондон кийин үйүнөн качып кеткенин, аны кармап келишкен соң атасы балта менен чаап өлтүргөнүн жазышкан.

Ирандагы мыйзамдар боюнча киши өлтүрүүгө айыпталган адам өмүр бою абакка кесилет же өлүм жазасы берилет.

Ал эми "Намыс үчүн киши өлтүрүү" беренеси менен айыпталгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG