Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Берлин менен Лондондо карантиндик чектөөлөргө каршы акция өттү


Берлиндеги акция, 30-август, 2020-жыл

Берлин менен Лондондо өкмөттүн коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизген карантин чараларына каршы акцияга миңдеген адам чыкты.

29-августта Берлинде өткөн жүрүшкө 38 миңден көп адам чыкты. Лондондун Трафальгар аянтында уюштурулган «Эркиндик үчүн биригели» акциясына миңдеген киши топтолду. Алардын арасында вакцинага каршы чыккандар жана коронавируска такыр ишенбегендер да болду. Ал эми көпчүлүгүн ашынган оңчулдар түздү.

Берлиндеги акция маалында 300дөй киши кармалды. Жүрүшкө чыккандар тартип коргоочуларды көздөй таш, бөтөлкө жана башка буюм-тайымдарды ыргытышты.

Алар ошондой эле немис парламентинин аймагына кирүүгө аракет кылышы. Президент Франк Вальтер Штайнмайер акциянын катышуучуларынын аракетин «биздин демократиянын жүрөгүнө жасалган болуп көрбөгөндөй чабуул» деп сындады.

Германияда коронавируска 241 миңдей киши кабылып, алардын он миңдейи көз жумду.

Британияда акцияга чыккан эки киши кармалды. Ошондой эле Франциянын баш калаасы Парижде 200дөй адам беткап тагынууга каршы митингге чыгышты. Алар «балдарыбызга дем алууга уруксат бергиле» деп кыйкырышты.

XS
SM
MD
LG