Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Жумгалда курал колдонулган жаңжалды милиция иликтеп жатат


Нарын облусунун Жумгал райондук милициясы 28-августтагы курал колдонулган жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Факт Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, милицияга Чүй облусунун тургуну арыз жазып, белгисиз кишилер ага кол салганын айткан.

Баштапкы маалыматка ылайык, ал “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен Балыкчыны көздөй көмүр алып келатканда Чаек жана Байзак айылдарынын ортосунда белгисиз адамдар жолун тосуп, машиненин терезесин таш менен талкалап, эки жолу ок атышкан.

Окуя болгон жерге барганда автоунаанын сол жактагы айнеги сынып, дөңгөлөгүндө ок издери болгон. Социалдык тармактарда жабырлануучунун колу канжалаган сүрөттөрү чыкты. Бирок милиция анын саламаттыгына байланыштуу маалымат бере элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG