Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

COVID-19: Нью-Йорктун тургундары шаар четине көчө баштады


Нью-Йорк шаарындагы ресторандын тейлөөчүлөрү коноктор отурчу столдордун ортосуна тосмо коюп жатышат.
Нью-Йорк шаарындагы ресторандын тейлөөчүлөрү коноктор отурчу столдордун ортосуна тосмо коюп жатышат.

Нью-Йорк шаарынын тургундары коронавирус пандемиясынан улам шаар четине жапырт көчүп жатышат. "The New York Times" басылмасы жазгандай, калаа тургундары көбүнчө Лонг Айленд, Вестчестер жана Нью-Жерсиден жер там сатып алышууда.

Басылма кыймылсыз мүлк агенттиктерине таянып, Нью-Йорктун жака белиндеги үйлөрдүн сатылышы пандемияга чейинкиге салыштырмалуу 44% өскөнүн жазды.

Нью-Йорк - АКШдагы коронавирустан эң катуу жабыркаган шаарлардын бири. Маалым болгондой, калаада 238 миңден көп киши бул илдетке чалдыгып, 28 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Бир нече жума шаарга катуу карантин киргизилип, тургундар көп кабаттуу үйлөрдө камалып отурууга аргасыз болушту.

Нью-Йоркто 1980-жылдардын башында кылмыштуулук күчөп, шаар калкы жети миллионго чейин кыскарып кеткен. Кийин элдин саны өсүп, 2017-жылы 8,6 миллионго жеткен.

XS
SM
MD
LG