Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Түркияда ачкачылык жарыялаган адвокат Эбру Тимтик каза болду


Эбру Тимтиктин сүрөтү түшүрүлгөн плакатты көтөрүп, нааразылыкка чыккандар.
Эбру Тимтиктин сүрөтү түшүрүлгөн плакатты көтөрүп, нааразылыкка чыккандар.

Түркиялык адвокат Эбру Тимтик 238 күндүк ачкачылыктан соң 43 жашында Стамбулдагы ооруканада көз жумду.

«Associated Press» агенттиги Прогрессивдүү юристтер бирикмесине таянып жазгандай, ал терроризмге байланыштуу өзү жана кесиптештери кабылган сот ишинде калыстык болушун талап кылып, ачкачылык жарыялаган эле.

Эбру Тимтик жана анын 17 кызматташы солчул радикал «Революциялык элдик-боштондук партия фронту» менен байланышы бар деп айыпталган. Бул уюм Түркияда, АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган.

2019-жылдын март айында Тимтик 13,5 жылга эркинен ажыратылып, иши апелляциялык сотто каралып жаткан.

Тимтик быйыл февралда кызматташы Айтач Унсал экөө ачкачылык жарыялаган. Унсал деле оор абалда экени кабарланууда.

Эл аралык француз радиосунун кабарына ылайык, Түркияда террорго байланышы бар деген негизде 1500дөн ашуун адвокат кысымга кабылып, 605и кармалган. Алардын 441ине сот өкүмү чыгып, камалган.

XS
SM
MD
LG