Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Монтенегродо шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча оппозиция утту


Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо болуп калды.
Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо болуп калды.

Монтенегродо 30-августтагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, «Монтенегронун келечеги үчүн» деп аталган оппозициялык коалиция баштаган күчтөр алдыга чыкты. Алар кеминде добуштардын 41% алышты. Ал эми бийликтеги батышчыл Социалисттердин демократиялык партиясын шайлоочулардын 33% жакыны колдоду. Бул тууралуу Мониторинг жана иликтөөлөр борбору добуштардын 88% ашыгы саналгандан кийин билдирди.

Оппозициялык коалициянын башчысы Здравко Кривокапич жеңгенин жарыялады. Президент Мило Жуканович болсо бийликтеги партиянын жеңилгенин мойнуна албай турганын айтып, шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Шайлоо алдында үч оппозициялык коалиция бириккенин, жаңы өкмөт курашарын жарыялашкан жана алар өлкөнү дээрлик 30 жылдан бери башкарып жаткан Жукановичти коррупция, сөз эркиндигин куугунтуктоо жана добуш берүүдөгү көз боемочулук үчүн айыпташкан. Президент болсо дооматтардын баарын четке каккан.

Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо болуп калды. Өлкө парламентинде 81 мандат бар.

Монтенегро Сербиядан бөлүнгөнү Батышка ыктап, 2017-жылы НАТОго мүчө болгон. Ушул тапта Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Серб улутчулдары Подгорицанын Белграддан бөлүнгөнүн таанышпайт.

Соңку шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө экономикалык кризис күчөп турган маалга туш келди.

XS
SM
MD
LG