Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:30

Пакистандын уруулар аймагындагы чабуулда кеминде үч жоокер мерт болду


Түштүк Вазиристан пакистан-ооган чек арасына жакын жайгашкан.

Пакистандын бийлиги Ооганстан менен чек арасынан анча алыс эмес Түштүк Вазиристан аймагында уруулар байырлаган жердеги кол салууда бери дегенде үч жоокер набыт болгонун билдирди. Өлкөнүн аскер жетекчилери окуя 30-августта тинтүү-чалгындоо жүрүп жатканда болгонун, дагы төрт жоокер жарадар экенин маалымдашты. Аймактык полиция башчы Шаукат Алинин эсебинде, кандуу окуяда бери дегенде төрт адам өлдү.

Кол салууну Пакистанда ишмердигине тыюу салынган «Техрик-э-Талибан» согушкер тобу уюштурганын мойнуна алды жана алар чабуулда 11 аскерди жок кылышканын билдиришти.

Түштүк Вазиристан Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында жайгашкан жана жоочулар, куралдуу топтор байырлаган аймак катары белгилүү. Пакистан бийлиги маал-маалы менен аймакты жоочулардан арылтуу операциясын жүргүзүп турат.

XS
SM
MD
LG