Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Ошто коронавируска каршы күрөшкө салым кошкондор сыйланды


Ош шаарындагы сыйлык тапшыруу учуру. 31-август, 2020-жыл.
Ош шаарындагы сыйлык тапшыруу учуру. 31-август, 2020-жыл.

31-август - эгемендик майрамына карата Ош шаарынын мэриясы COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө салым кошкон жарандарга, ишкерлерге, дарыгерлерге сыйлыктарды ыйгарды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан жүзгө жакын адам сыйланды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ош шаарында да быйыл эгемендик майрамында массалык иш-чаралар уюштурулган жок. Шаардын борбордук аянтында вируска каршы күрөшкөндөргө сыйлык берилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосунан кийин концерттик программа уюштурулду. Аны телеканалдар түз алып көрсөтүп жатышат.

Бүгүн Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болгонуна 29 жыл болду. (DU)

XS
SM
MD
LG