Жапониянын кызматтан кетип бараткан премьер-министри Синзо Абэ дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен коштошуп, телефондон сүйлөштү. Жарым сааттык пикир алышууда Абэ эки өлкөнүн ынтымагы өзү кызматтан кеткенден кийин да бекемделерине ишеничин билдирген. Ошондой эле лидерлер Түндүк Корея маселеси, коронавирус пандемиясы тууралуу да пикир алышкан.
Бул тууралуу Токиодогу өкмөттүн баш катчысы Йошихиде Суга кабарлап, жапон-америка мамилеси ушул тапта болуп көрбөгөндөй бекем экенин баса белгиледи. Мамиле тууралуу пикирди Трамп да "Твиттердеги" баракчасына жазып, Абэни жапон тарыхындагы бирден-бир чыгаан премьер-министри катары мүнөздөдү.
65 жаштагы Синзо Абэ өнөкөт ичеги оорусу күч алгандан улам кызматтан кетерин 28-августта жарыялаган жана саламаттыгына байланыштуу иш милдеттерин аткара албай калганы үчүн элинен кечирим сураган. Ал жапон тарыхында премьер-министр кызматында эң көп убакыт отурган адам болуп калды. Бийликтеги Либерал-демократиялык партия өлкө башчыны 14-сентябрда тандай тургандыгы кабарланууда.