Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Ырчы Берадор (Бек) Борбиев үгүткө байланыштуу айыпка жыгылды


Берадор (Бек) Борбиев.
Берадор (Бек) Борбиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу топтору ырчы Берадор (Бек) Борбиевдин аткаруусундагы «Мекеним Кыргызстан» ырында мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүнүн «белгилери бар» деген чечимге келди. Ырчыга 7500 сом өлчөмүндө айып салынмай болду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, маселе 29-августта Боршайкомдун эки жумушчу тобунун биргелешкен жыйынында каралып, чечим чыгарылды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон ырчынын аракети Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 44-беренесине ылайык туура эмес деп табылып, 75 эсептик көрсөткүчтө же 7 500 сом айыппул салынды. БШКнын тиешелүү өкүлүнө административдик чара көрүү – протокол түзүп, айыпты өндүрүү тууралуу сунуш берилди», - деди Руслан Изреков.

Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» деп аталган ыры августтун этегинде тараган. Видео клипте 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлгөнү коомчулукта үгүт катары сындала баштаган.

Ырчы үч саясий партияга гимн чыгарганын, мындан ары да жаза берерин «Фейсбукка» жарыялаган. Бирок «Мекеним Кыргызстан» деп аталган ырына байланыштуу конкреттүү түшүндүрмө берген эмес. «Мекеним Кыргызстан» партиясы да бул боюнча комментарий бере элек. Борбиев партиянын 20-августтагы жыйынына катышкан жана талапкерлердин тизмесинде бар.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек. (NT)

XS
SM
MD
LG