Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Израил менен АКШнын делегациялары Бириккен Араб Эмираттарына келди


БАЭ Перс булуңундагы Тел-Авив менен мамилесин жөнгө салган алгачкы, ал эми араб мамлекеттеринин ичинен үчүнчү өлкө болуп калды.
БАЭ Перс булуңундагы Тел-Авив менен мамилесин жөнгө салган алгачкы, ал эми араб мамлекеттеринин ичинен үчүнчү өлкө болуп калды.

Израилдеги «El Al Israel Airlines» авиакомпаниясына таандык учак 31-августта Тел-Авивден Абу-Дабиге учуп келди. Анда АКШ менен Израилдин делегациялары болду. Топтун курамында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана анын кеңешчиси Жаред Кушнер менен Израилдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Меира Бен-Шаббат да бар.

Алар Абу-Дабиде расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашмакчы.

Жерад Кушнер Тел-Авивден Абу-Дабиге учарда «бул тарыхый учур, ал Жакынкы Чыгышка жана андан ары дагы тарыхый сапарлардын башаты болот деп үмүттөгөбүз» деп айткан. Израил менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык алака-катыш орнотуу боюнча АКШнын ортомчулугу менен өткөн жашыруун сүйлөшүүлөрдү Кушнер жетектеген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетяньяху эки өлкөнүн ортосунда аба каттамы ачылганын «тынчтык үчүн тынчтык» деп сыпаттады.

Ушул айдын ортосунда БАЭ менен Израил Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу макулдашкан. Алардын мындай чечимин Палестина, Иран жана Түркия сынга алган.

БАЭ Перс булуңундагы Тел-Авив менен мамилесин жөнгө салган алгачкы, ал эми араб мамлекеттеринин ичинен үчүнчү өлкө болуп калды.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялоону убактылуу токтотот. Эки мамлекеттин делегациялары жолугушууларда инвестиция, туризм, түз аба каттамдарын, бири-биринде элчиликтерди ачуу жана башка маселелерди талкуулап, келишимдерге кол коюшат.

XS
SM
MD
LG