Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

«Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосундагы эфир ырааттамасы убактылуу өзгөрдү


1-сентябрдан 2-октябрга чейин «Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосу аркылуу эфирге чыгуу ырааттамасы убактылуу өзгөрдү.

Мурда эртең менен саат 7:00дөн 9:30га чейинки түз эфирдеги уктуруулар саат 9:30дан 11:30га чейин обого узатылат.

Кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейинки эфир 20:00-22:00гө жылды.

Ырааттаманы өзгөртүү киргизүүнү «Санжыра» радиосунун жетекчилиги алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу сунуш кылган.

«Биринчи радионун» толкуну аркылуу обого берилчү программалардын убактысы мурдагы бойдон калат.

Биринчи радио аркылуу «Азаттыктын» уктурууларын таңкы саат 9:30дан 10:30га чейин, кечки уктурууларды саат 20:00-21:00 жана 21:30-22:00 чейин тыңдай аласыз.

XS
SM
MD
LG