Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ливанда жаңы өкмөттү Мустафа Адиб курайт


Ливанда Хасан Диаб жетектеген өкмөт Бейруттагы каргашалуу жарылуудан кийин башталган калайман каршылык акцияларынан улам мөөнөтүнөн мурда тараган.
Ливанда Хасан Диаб жетектеген өкмөт Бейруттагы каргашалуу жарылуудан кийин башталган калайман каршылык акцияларынан улам мөөнөтүнөн мурда тараган.

Ливандын президенти Мишел Аун жаңы өкмөт түзүүнү буга чейин Ливандын Германиядагы элчиси болуп иштеген Мустафа Адибге тапшырды. Бул тууралуу ал Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Бейруттагы сапарына саналуу сааттар гана калганда жарыялады.

Жаңы өкмөттү түзүү Бейрутта ушул айдын башында ондогон адамдын өмүрүн алган жарылуудан кийин келип чыккан саясий каатчылык маалында өткөнү жатат. Буга чейинки Хасан Диаб жетектеген өкмөт бул каргашалуу окуядан улам башталган калайман каршылык акцияларынан улам мөөнөтүнөн мурда тараган.

Адибдин талапкерлигин өлкөдөгү ар түрдүү диний топтордун өкүлдөрүнөн куралган партиялар да колдоду.

4-августта баш калаанын портунда болгон ири жарылуудан 171 киши каза болуп, алты миңдейи жарадар болгон, 300 миңдей тургун үй-жайсыз калган.

Жарылууга портто топтолуп турган химиялык заттар себеп болгон. Кооптуу жүктүн алты жыл бою ал жакта сакталышын катардагы ливандыктар тамыры кеңири жайылган коррупциянын бир көрүнүшү катары баалашкан.

Ливанда бийлик диний топтордун ортосундагы атайын макулдашуунун негизинде бөлүштүрүлөт. Ага ылайык президенттик кызмат христиан-марониттердики, парламенттин спикерлигин мусулман шииттердин өкүлү ээлеши керек. Ал эми өкмөт башчылык кызматты мусулман сунниттердин өкүлү аркалоого тийиш.

XS
SM
MD
LG