Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Баш калаада коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү


Бишкек.

1-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү. Троллейбустар, автобустар жана кичи автобустар таң аткандан түнгө чейин каттамга чыгат.

Мэрия жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактап, беткап тагууга чакырды. Автоунаа салонунда санитайзер жана башка дезинфекция каражаттарынын бар-жогу текшерилип турат.

Кыргызстанда март айында коронавирус жуккандар аныкталып, шаарларда коомдук транспорт дээрлик эки айга токтотулган. Кийинчерээк убак-убагы менен эл ташууга уруксат берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG