Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Чек ара кызматы: Ноокенде жоокер жанын кыйды


Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абаддын Ноокен районунда чек арада кызмат өтөп жаткан аскер жанын кыйганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, 30-август күнү №2027 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокери өзүн асып алган.

Окуянын чоо-жайын такташ үчүн кызматтык иликтөө башталды. Ишти Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Жоокерлердин укугун сотто коргоп келе жаткан «Кылым шамы» уюмунун эсебинде 2012-жылдан бери ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлер ондоп саналат. Айрым ата-энелер баласы армияда жанын кыйганына ишенбей, аскер бөлүктөрү менен соттошуп жүрөт. (TB\SE)

XS
SM
MD
LG