Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны 3-сентябрда уланат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

1-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы ачылды. Депутаттар жайкы эс алуудан кийинки биринчи жумушчу күнүн өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 7-июлда каза болгон депутат Чыныбай Турсунбековду эскерүү менен башташты.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрү 1-2-сентябрь күндөрү комитеттерде иш алып барышарын, жалпы жыйын 3-сентябрда болорун айтты. Ага чейин танапис жарыяланды.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бир айдан соң аяктап, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо болот. Азыркы депутаттардын көбү кийинки чакырылышка да ат салышарын жарыялашкан. Алар 4-сентябрдан тартып бир айлык үгүт менен алек болушат.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 30-июнда жайкы тыныгууга тарап, 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Августта эмгек өргүүсүнө чыгышат. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG