Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Ош облусунда 704 миңге жакын шайлоочу катталды


Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) берген маалыматы боюнча, Ош облусунда 506, Ош шаарында 76 шайлоо участогу ачылды. 29-августка карата Ош облусунда 703 944, Ош шаарында шайлоо укугу бар 147 557 шайлоочу катталды.

Бул тууралуу 28-августта Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык боюнча Ош облусунда өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду.

БШКнын жана республикалык штабдын мүчөлөрү Ош шаарындагы, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы шайлоо участокторунун даярдыгын көрүштү.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту 27-августта партиянын арызын канааттандырган.

Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданды. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда каралат. (BTo)

XS
SM
MD
LG