Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Президент: кырдаал турукташса балдар мектепке барып окуйт


Президент № 87 орто мектебине барган учур. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлыгы ипотека менен турак жай сатып алууга жетпей турганын, ошондуктан алардын маяналарын көтөрүү дагы эле курч маселе боюнча турганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 1-сентябрда Бишкек шаарындагы конуштардын биринде жайгашкан № 87 орто мектебине барганда айтты.

Сооронбай Жээнбековдун сөзү боюнча, былтыр мугалимдердин эмгек акысы 30% чейин көбөйдү.

№ 87 мектептин директору Жаңыл Исанова президентке окуучулардын окуу процессине санарип технологияларын киргизүү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүш үчүн мектепте түзүлгөн шарттарды көргөздү.

Президент пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда балдар адаттагыдай эле мектепке бара баштай турганын айтты.

1-сентябрда Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Биринчи коңгуроо» жыйыны уюштурулбай эле сабактар башталды.

Коронавирус пандемиясынан улам окуучулар 2019-2020-жылынын акыркы чейрегин да аралыктан окуп бүтүрүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG