Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Коопсуздук кеңеши парламенттик шайлоону өткөрүүнү талкуулап жатат


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 1-сентябрда Коопсуздук кеңеши 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маселени карап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышууда.

Анда коронавирус пандемиясынын шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG