Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 1-сентябрда парламенттин алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.
Соода борборунун кесиптик кошуун комитетинин өкүлү Элмира Аксамаева акциянын катышуучулары «Каравандын» соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алып салууну талап кылып чыгышканын айтты.
Акцияга чыккандардын бири, жеке ишкер Замира Жакыпова соода борбордун электрондук сатык порталына чыкканы мыйзамсыз деп эсептейт.
Нааразы тарап соода күркөлөрүнө болгон ижара келишимдерин узартууну да талап кылышты.
Акцияга чыккандар «Каравандан колуңду тарт!», «Президент, бизди ук!» деген жазууларды көтөрүп турушту. Алар августтун башында мурунку эки айга ижара акысын төлөө жана 15-августка дейре соода күркөлөрүн бошотуп коюу тууралуу кабарлама алганын маалымдашты.
Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк «Мүлк» мамлекеттик ишканасына берилген. Азыр соода борборунда 200дөн ашык күркө бар. Аталган ишканалардын өкүлдөрү акциянын катышуучулары менен жолугушуп, маселе карала турганын айтышты.
Ижарачылар быйыл жазында да нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (NT)