2-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.