Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги аба каттамдарынын ырааттамасын жарыялады


Эл аралык «Манас» аэропортунан учуп чыккан учак.
Эл аралык «Манас» аэропортунан учуп чыккан учак.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин 1-сентябрдагы маалыматына караганда, Бишкек менен Оштон Орусиянын аймактарына уча турган рейстердин ырааттамасы жаңыланды. Ага ылайык, аба каттамдары 2-сентябрдан тартып жүргүзүлө баштайт.

Орусиянын аймактарына учуш үчүн жарандарга бир катар талаптар коюлат. Орусиянын жарандары сапарга чыгардын алдында мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында атайын документти толтурушу керек. Үч күн мурда коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын ошол порталга жүктөөгө тийиш. Ал эми Кыргызстандын жарандарында коронавирус жок деген анализдин жыйынтыгы болушу кажет.

Кыргызстандагы «Бонецкий» жана «Аква Лаб» лабораторияларына тапшырылган анализдердин жыйынтыктары кабыл алынат жана ал мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталына жүктөлөт.

Аба каттамдарынын 13-сентябрга чейинки жадыбалы төмөнкүдөй түзүлдү:

Бишкек - Екатеринбург, 2-сентябрь, 4.45;

Ош - Москва, 4-сентябрь, 7.45;

Бишкек - Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 7.35;

Ош - Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 21.55;

Ош - Новосибирск, 6-сентябрь, 18.10;

Ош - Екатеринбург, 7-сентябрь, 5.10;

Бишкек - Москва, 8-сентябрь, 4.55;

Ош - Москва, 8-сентябрь, 6.50;

Ош - Новосибирск, 8-сентябрь саат 17.45те;

Бишкек - Екатеринбург, 9-сентябрь, учуу мөөнөтү такталууда;

Ош - Москва, 11-сентябрь, 7.45;

Бишкек - Екатеринбург, 12-сентябрь, 7.35;

Ош - Санкт-Петербург, 12-сентябрь, 21.55;

Бишкек - Новосибирск, 13-сентябрь, саат 18.10до. (NT)

XS
SM
MD
LG