Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:19

«Медиа Полиси»: Бишкек административдик сотунун журналисттерди киргизбегени мыйзамсыз


Бишкек административдик сотунун имаратынын алды. 27-август, 2020-жыл.

27-августта Бишкек административдик сотуна «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БКШ) каршы жазган арызы боюнча чечимди жарыялоого журналисттерди киргизбей, судья Кыргызстандын Конституциясын жана бир нече мыйзамдардын нормаларын одоно бузду.

Бул тууралуу «Медиа Полиси» институтунун юристи Нурбек Сыдыков «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди. Анын айтымында, административдик соттун чечимди журналисттердин катышуусуз жарыялаганы Баш мыйзамдын 99-беренесине жана Административдик-процессуалдык кодекстин 13-беренесине каршы келет.

«Соттун чечимин жарыялоого катышууга мүмкүнчүлүк бербөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын жана административдик-процессуалдык мыйзамдардын принциптерин одоно бузуу болуп саналат жана сот адилеттигин камсыз кылуудагы мыйзам бузуу экенин күбөлөндүрөт. «Соттордун макамы жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул аракет дисциплинардык жорук болуп саналышы мүмкүн», - деди «Медиа Полиси» институтунун өкүлү.

Бул жоруктун үстүнөн сотко кире албай калган ар бир адам Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына арызданууга укугу бар. 27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызы каралган.

Анда саясий партиянын өкүлдөрү БШКнын шайлоого катышуу боюнча документтерин кайтарып берүүнү мыйзамсыз деп табууну суранган. Ишти судья Чолпон Досмамбетова караган.

Административдик сот «Кыргызстан» партиясынын арызын канааттандырган. Бул чечимди жарыялоо маалында журналисттер сот залына киргизилген эмес. Жогорку соттун басма сөз кызматы журналисттерди сот залына киргизбөөнү судья Досмамбетова чечкенин билдирген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG